Бүгүн Бишкек шаарында маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы катталып, 12 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Тоголок Молдо-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Маршруттук унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Андан соң маршруттук унаа жолдун четиндеги жыйылып турган бетон шакекчелерди сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жалпы 12 адам ар кандай жаракаттарды алган. 2 адамдын абалы орто, калгандары жеңил жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип жабыркагандарды алып кеткен", - деп билдирди маалымат кызматы.
Тактоо иштери жүрүп, окуянын күбөлөрү суралууда.