SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Асел Кадырбекованын "Телефон" деген видеоклиби кошулду.
"Бул чыгарма турмушка чыкканга чейин эле жазылган. Ал эми клипти тартып баштаганда кыз узатуу, той менен алектенип калдым. Үй-бүлө кургандан кийин клипти аягына чыгардым. Бирок жакшылап иштеп чыгайын деп көп убакытка созулуп кетти. Ыр казынамда жөн эле тура бербесин деп күйөрмандарыма тартууладым", - деди ал.
3-ИЮЛДАН 10-ИЮЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Кайрат Примбердиевдин "Эстей берем" аталышындагы клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" чыгармасы камсыздады.
8-орун - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясына буюрду.
7-орунду - Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" клиби багындырды.
6-орунду - Айжамал Кабылованын "Сүйүү азабы" видеоклиби ээледи.
5-орунду - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасы камсыздады.
4-орун - Фарида Карбосованын "Ашыгам" видеоклибине буюрду.
3-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" клиби камсыздады.
2-орунду - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы чыгармасы алдыңкы үчтүктө келе жатат.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Дайыр Исмадияровдун "Каражан" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.