Екатеринбург шаарында киши колдуу каза болгон Камчыбек Каримовдун өлүмүн маркумдун жакында абактан чыккан Замир аттуу жердеши уюштурган. Мындай маалыматты орусиялык URA.RU сайты өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматта Замир аттуу жаран изделип жаткандыгы жазылат.
Уралдагы Кыргыз диаспорасынын мурдагы өкүлү Камчыбек Каримов 2-июль күнү киши колдуу каза болгон. Шектүүлөр Каримовду үйүнүн алдында күтүп турушкан. Баштыкта акча көтөрүп келе жаткан Каримов качканга аракет кылган. Бирок аны алгач бутка, андан соң курсакка атышкан. Акчаны алган кылмышкерлер унаага түшүп кетишкен.