Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен Молдакун Абдылдаевдин жубайынын жансыз денеси табылды

Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин жубайынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун жансыз денеси учурда туугандарына өткөрүп берилди.

Маркум Молдакун Абдылдаевдин жана айдоочусунун жансыз денеси 2-июлда, ал эми небересиники 4-июлда табылган. Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен Абдылдаевдин уулу табыла элек. Учурда издөө иштери улантылууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан