Бишкекте жөө адамды такси кызматынын айдоочусу сүзүп кетти

Бишкектеги Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 10-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында орун алган.

Маалыматка ылайык, жөө адам аркы бетке өтүү үчүн жолго чуркап чыга калган. Айдоочу унааны токтотууга жетишпей жөө адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу орус улутундагы улгайган киши экенин күбөлөр билдиришти.

Ал эми айдоочу 10 күндөн кийин үйлөнөрүн айтып, унаасын ургулап жибергенин күбөлөр кошумчалап айтышты.

Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sakubek
2019-07-10 21:26:17
Орусту камагыла. Таксист уйлоно берсин
+7
adidas.08
2019-07-10 22:39:03
Sakubek,хахаха
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан