Ошто укалоочу салон делинген жайда интимдик кызмат көрсөтүлүп келгени аныкталды

Ошто интимдик кызматты көрсөткөн көмүскө жай аныкталды. Аталган жай укалоочу салон деп ачылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБине укалоочу салон деп ачып, бирок ал жай сойкукана экени тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Ошондой эле жергиликтүү тургундар да милицияга арыз менен кайрылышып, аталган жай сойкукана экени аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

"Июнь айынын аягында аталган жайды милиция кызматкерлери текшерүүгө алышып, анда салондун ичинен кыз-келиндерди табышкан. Алар укалоонун бир канча түрүн жасап, алардын катарына эротикалык укалоо дагы бар экенин айтышкан. Бирок текшерүүдө укалоо жасай турган бир дагы үстөл табылган эмес. Мындан улам көмүскө жайда сойкулук кызматы уюштурулуп келгени аныкталган.

Аталган жайдан укук коргоо органдары 4 кыз-келинди кармап келишкен. Ал эми калгандары облустун ар кайсыл райондорунан келип иштеп жүргөндөрү белгилүү болгон. Милициянын бөлүмүнө алынып келген кыз-келиндердин бири көмүскө жайда сойкулук уюштурган деп шектелүүдө. Учурда бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bond02
2019-07-10 23:01:56
Кандай эркектер барып журду экен, бир кызыга турганы жок го.
+10
Take_men
2019-07-11 12:54:02
bond02, бул кыздар точно эле массажист экен кебетелери айтып турат го хе хе
-3
Chungyz
2019-07-10 23:04:07
Укалоочулар укаланып кетипрго
+17
JaneEr
2019-07-10 23:08:49
Ушуларга барышса эркектердин вкусу да олуптурго бир жолу...
+8
barakcha
2019-07-10 23:14:17
"Кара Алма"дегенди текшерсенер боло?
+14
Aidar.001
2019-07-10 23:49:22
Укалабай эле куйкалап чыгарып журушкон экен да :::)))
+2
souza.j
2019-07-11 06:53:52
Чечинишип эле алдынарга тура калышса башкача суйлойт эленер хе
+6
Deniza88
2019-07-11 13:21:11
souza.j, ошону аййтсан
0
Aikaaaa
2019-07-11 09:03:39
Милициялар мурдале билишсе керек, долясын алып жүрө беришчү да. Жергиликтүү тургундар кайрылып, анан калп эле текшерүүгө алышкандыр, айла жок дегендей
+5
kechirmeni
2019-07-11 10:10:39
Кудайым ыйман ынсап берсин, баарыбызда эже карындаш кыздарыбыз бар, биринчи озубузду тыялы ошондо баары тыйылат буюрса
+1
kriss120
2019-07-11 10:34:24
Эркектер барбай койсо болду алардын бизнеси токтойт.
+8
aza84
2019-07-11 15:19:42
Жамандык иштердин баары ошол жакта экен
0
Sagidko88
2019-07-11 18:21:48
Бойлору Узун го только, тандап алышкан го буларды.
0
didu
2019-07-11 20:30:03
кийимиден сойкуларга окшобойт, билбейм даны болушу мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан