Чүйдө кошуналар суу талашып мушташа кетишти. Милиция жарандарды чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого чакырат

Чүй районунун Восточное айылында кошуналар суу талашып мушташа кетишкен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

10-июль күнү болжол менен саат 11:05тер чамасында Восточное айылында мушташ орун алгандыгы тууралуу Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу жана Чүй РИИБинин жеке курамы барган.

Милиция окуя болгон жерге барып мушташтын кесепетинен 66 жаштагы М.К. жана 35 жаштагы уулу М.М. жаракат алганын аныктаган.

Бул кылмышка шектүү катары 1970-жылы туулган Л.Р. жана 1982-жылы туулган Л.А. аттуу жарандар кармалган. Кармалгандардын бири Л.А. ден соолугуна байланыштуу Чүй райондук аймактык ооруканасына, ал эми Л.Р. Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталып, керектүү экспертизалар дайындалган.

Чүй ОИИББи жарандарды бул окуя боюнча чагымчыл, жалган билдирүүлөргө алдырбоого чакырат. Социалдык тармактарда жалган маалыматтарды тараткандар Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренесинин негизинде жоопко тартыларын милиция эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2019-07-11 11:45:43
Кыскасы Кыргызстанда кыргыздарды кысмай.
+7
Omush94
2019-07-11 15:20:32
bond02,базардын алды болду патриоттук сезим жок окшойт го аларда
-1
Samar90
2019-07-11 15:26:16
bond02,тууру айтасын
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан