Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кеткен 2 адамдын бири аман калып, экинчисинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 10-июль күнү саат 12:00 чамасында Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында болгон.
"Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынын тургундары 28 жана 18 жаштагы эки жигит ВАЗ 2107 унаасы менен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Автоунааны айдап бара жаткан 28 жаштагы жигит суудан чыгууга жетишкен, ал эми унаанын жүргүнчүсү машина менен кошо агып кеткен", - дейт басма сөз кызматы.
Айдоочу ооруканага жеткирилген, ал эми 18 жаштагы жигитти издөө жарыяланып, анын жансыз денеси Алчалуу айылынын жанындагы Ак-Буура дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.