Талас облусунда жыл башынан бери 6 адам сууга чөккөн. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас ОИИБинин бардык райондорундагы кызматкерлери жай айында балдардын коопсуздугу боюнча иш алып барышууда.
Ошондой эле көпчүлүк сууга түшкөн жерлерде, ар кандай эс алуучу жайларда балдарга жана ата-энелерге эскертүү иштери жүргүзүлүүдө. Тыюу салынган жерлерге ар кандай эскертүүлөр илинүүдө.
Жайкы лагерь уюштурган жайларга дагы балдар арасында кылмыштуулук жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатканы жазылат маалыматта.