8-июлда Жалал-Абад шаарынын тургуну мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшүп, тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүшкө алган.
Маалыматка ылайык, бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада Жалал-Абад шаарында убактылуу жашап жүргөн Орусиянын Астрахань шаарынын 45 жаштагы А.Ю. аттуу жараны шектүү катары кармалган.
"Шектүү сурак учурунда ок атуучу куралды Жалал-Абад шаарында жайгашкан мүрзөлөрдүн бирине көмүп койгонун айткан. Далил буюм катары 7,62 калибрдеги колго жасалган Иж К-20 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы жана 20 даана ок табылган. Алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Белгилей кетүүчү жагдай, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү А.Ю. Орусияда экстремисттик кылмыштарга байланышкан кылмыш иши боюнча 2012-жылы соттолуп, жазасын өтөп жатканда жатак абагынан качып кеткен. Ал издөөдө жүргөнү да аныкталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.