Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылынын жашоочусу 4-июль күнү милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 1966-жылы туулган жолдошу Чоң-Капка айылы тарапка сууга түшкөнү Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасы менен кетип, ошол боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан жарандын жансыз денеси 6-июлда Май айылынын сугат бөлүштүрүүчү каналынан табылган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жаранды издөө иштеринин жүрүшүндө каналдан маркумдун унаасы табылган. Анын ичинен маркумга таандык шым, көйнөк табылган. Учурда бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматы.