Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгын эми облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү иликтейт

Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгын тергөө иши райондон облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматкери мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Бул окуя коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жаткандыктан, ишти тажрыйбалуу тергөөчүлөр иликтөөсү керек. Мындан улам эми бул ишти дасыккан тергөөчүлөр иликтейт", - деди ал.

7-июлда болгон кырсыктан Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 4 адамдын баары каза болгон. Экөө окуя болгон жерден жан берсе, экөө ооруканада көз жумган. Ал эми BMW Х7 унаасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана айдоочу болгон. Алар кырсыктан кийин Бишкектеги 4-ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Saiit
2019-07-11 22:07:29
Ушуга чейин чейинкилерди эмне бут тажрибасыз кызматкерлер териштирип аркалап келгенби?
+4
taalai1008
2019-07-11 22:08:13
Ишти ары түртүп бери түртүп жабат экен да.
+3
Chungyz
2019-07-11 22:22:56
Кокустук деп жабылат
+3
Muslim.azamatovich
2019-07-11 22:31:11
Депутаттын баласы кунолуу болмок беле,,кандай жол менен болсода акташатда
+3
Jango
2019-07-11 23:38:15
Бул жети милиондук машинаны кайсыл акчасына алды экен ушул суроо менен эле иш козгоп койсо деле болсо керек
+4
elchi84
2019-07-12 00:49:54
Тажрыйбасы жок тергөөчүлөрду иштен айдагыла анда .
+1
Aikaaaa
2019-07-12 09:12:59
Тажрыйбалуу тескөөчүлөр ушинтти, күнөө лексустагы өлгөн балдарда экен дешет да жабышат, белгилүү болуп калды го
+1
Agayu
2019-07-12 09:16:20
Эч ким бетине айталбайт .Куноо баланызда деп ЧИМКИРИК болсо да
0
aiman1983
2019-07-12 14:45:39
Кантип 25 жашта депутат болууга жетишип Х7 мингенге жетише алды экен. Өзү кудайдын каарына калыптыр, кантип гүлдөй 4 жигиттин өлүмү жер бетинде бастырат экен депутат соройду. Өлгөн жигиттердин бирөө биздин ОшМУнун проректору Т.Эркебаевдин уулу болчу. Өтө жөнөкөй, өтө сулуу, өтө адамгерчиликтүү жигит эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан