Голливуддун белгилүү ырчысы Мадоннага рэпер Тупак Шакур жазган кат аукционго коюлду. Рэпер катты абакта отурганда жазганын чет элдик басылмалар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аукционго коюлган каттын баштапкы баасы 100 миң доллар. Колго жазылган катта рэпер менен Мадоннанын сүйүү мамилеси, атактуулук, коомдогу эрежелер тууралуу баяндалган. Анда Тупак Шакур Мадонна ак терилүү болгону үчүн аны менен сүйүү мамилесин кура албаганы жазылган.
"Мен сенден кечирим сурайм. Анткени мен сен каалагандай дос боло алган жокмун. Кара терилүү жаш мырзанын өзүнөн улуу айымды жактырып, ага байлануусу кыйынчылыкты жаратты. Бул расизм", - деп жазылган катта.
Бул кат 1995-жылы 15-январда жазылган. Рэпер катты жазгандан 1 жарым жыл өткөндөн кийин каза болгон.
Ал эми ырчы Мадонна жогорудагы катты аукционго койгон ишкана менен 2017-жылы соттошуп, Манхэттендин Жогорку Соту ишкананын пайдасына чечип берген.