ЭЛДИК ВИДЕО: Буту менен камыр жууруп жаткан адамдын видеосу талкууга түштү

Социалдык тармактарда буту менен камыр жууруп жаткан адамдын видеосу талкууга түштү. Видеодо белгисиз адам дасторкондун үстүндө чарага салынган унду буту менен тебелеп жууруп жатканын көрүүгө болот.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар буга ишенгиси келбей жаткандыгын айтышып, камыр эмне үчүн жуурулуп жатканына кызыгышкан.

Ал эми айрым колдонуучулар көп сандагы нан жасап саткан жерлерде кээде колдун күчү келбей калган учурда камырды буту менен жуурушарын уккандыгын жазышкан.

Видео кайсы өлкөдө жана качан тартылганы белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
zhykyo
2019-07-12 13:23:41
Бауржан издеп тап сага ишенебиз сен жакта окшойт
+1
aziiiz
2019-07-12 14:03:57
Бул камыр эмес
+3
NURSAPAR
2019-07-12 14:38:19
Камыр эле окшойт. Ар жагында себеттер жыйылып турат го. Ошолорго салып туугандар сатчы эле го. Дагы ким билет...
+3
bond02
2019-07-12 14:43:36
Нандын кусуру урса экен.
+2
aiman1983
2019-07-12 14:49:21
Туугандар булар өзбек улутундагы жигит экен, ун, камыр эмес строй курулуш материалы окшойт
+1
kyrgyzstan00
2019-07-12 15:02:18
Озбектер экен камыр эмес бул.
-1
warcaw
2019-07-12 17:51:09
kyrgyzstan00,ошол өзбектер нан жасап сатышат, илгери эле укан элем камырды буту менен жууруйт дешкенин
+2
katerina.li
2019-07-12 17:33:20
Эч кандай строительный смесь эмес . Высший сорттогу ун
+1
Nazic
2019-07-12 18:15:22
Унга эле камыр жууруп атат, мына тушкон ундар деп досторкондон чогултуп алып сээп жатпайбы жуурулуп аткан камырга
+2
tynara81
2019-07-12 18:33:54
Сүзмөгө окшоп турат. Курут жейсиңби деди го башында. Жакшылап байкап карасаңар жанында тоголоктолгон курут турат. Курутка ун кошуп жасагандар да бар. Ошондо деле акты тепсебеш керек да. Камырды да бут менен тепселеп жуурушат экен деп уккам мен дагы.
+3
zinagull1996
2019-07-12 19:01:36
Курут жейсинби дейби. Курут окшойт
-1
Stervashka
2019-07-12 20:10:37
Сузмо го бул, камыр болгондо бутуна жабышып калмак. Сузмого ун кошуп курут жасап атат.Канткен кундо да чоон куноону мойнуна алыптыр. Элди алдап сататта эми сатып алган адамдар жейт.Журогум айланып кетти ойлоп.
+1
raia
2019-07-12 20:21:06
Курутпу,унбу бул акмакчылык го.
Буттун кирин кара ,шымыдын кебетесин кара.Акыры адамдар учун жасалган нерсе го...
+2
Aikaaaa
2019-07-12 20:45:27
Бул камыр эмес, камыр жууруганыбызда колубузга жабышып атып араң жууруйбуз. Бул антип жабышкан жок. Сүзмө же айткандай курулуш материалы окшойт
-2
karapayim
2019-07-12 23:14:37
Просто надо найти этого придурка и по всей строгости наказать всех кто к этому делу причастен!!!
+2
Elina9695
2019-07-13 18:07:58
Ун эмес экен. Просто элди алдап жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан