Аргентинанын аймактык лигаларынын бириндеги оюнда дарбазачы пенальти тоскондон кийин каза болуп калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы дарбазачы Рамон Исмаэл Коронель чечүүчү пенальтини төшү менен тоскондон кийин командалаштарын көздөй чуркаган. Бирок аларга жетпей эсин жоготуп жерге кулаган. Стадиондо медициналык "Тез жардам" болгон эмес. Дарбазачыны ооруканага алып бара жатканда каза болуп калган.
"Алдын ала маалым болгондой, футбол талаасында дарбазачынын жүрөгү токтоп калган" деп жазышат маалымат каражаттары.