Белгилүү ырчы Кайрат Нуртастын жаңы клибине жубайы Жулдыз Абдукаримова тартылып катуу сынга алынды. "Маралым" деген аталыштагы чыгармасын Кайрат Нуртас жубайына арнаган.
Белгилүү болгондой, клиптеги башкы каармандын ролун Жулдыз Абдукаримова ойногон. Клиптеги Жулдыздын образы көрөрмандардын кайчы пикирин жаратып, көпчүлүктүн сынына кабылган. Тагыраагы, сулуу, назик, мээримдүү энени клипте шайтанга окшоштуруп койгонун, образ чыгарманын мазмунуна туура келбей калганын айтышкан.
"Жулдыздын жоолук салынып, үй-бүлө мүчөлөрүнө чай куюп отурган образы керек болчу", "Үй-бүлөсүн жарнамалап жатат, мактанчаактар", "Жулдыздын бир дагы образы жаккан жок", "Өтө эле жасалма", "Мындай образы менен клипти бузуп салыптыр", "Боёнбогондо сулуу болчу. Чыгарма татынакай, жаш, назик аялзаты тууралуу экен. Бирок клипте тескерисинче, шайтанга окшошуп калыптыр", - деген пикирлер жазылган.
Ал эми айрым интернет колдонуучулары Жулдызды боёнткон визажистти жумуштан кетириш керек экенин айтып чыгышкан.