Чолпон-Ата шаарында дүйнө жылдыздарынын катышуусу менен "Asia Session-2019" эл аралык музыкалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 1-августтан 3-августка чейин уланат. Концерттин алдында туристтик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жарманке өтөт.
"2-3-августта Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өтчү концертке Havana, Say Мо, Сэм Космо, Меркури Кашалот, Mohombi, Мирбек Атабеков, DJ Софа, "Иванушки International" тобу жана башка белгилүү ырчылар катышат", - деп жазылат маалыматта.