Түркиядагы октон каза болгон жигиттин окуясы: Маркумдун бир тууган таежеси окуя тууралуу айтып берди

Түркияда 7-июлда октон каза болгон кыргыз жараны Муктарбек И.нин бир тууган таежеси Мархабо Касимова окуя боюнча SUPER.KG порталына төмөндөгү маалыматтарды билдирди.

Анын айтымында, ал каза болгон Муктарбектин апасынын бир тууган эжеси. Мархабо айым учурда маркумдун сөөгүн ата-энеси жана бир туугандары Чоң-Алайда күтүп жатышканын айтты.

"Ал күнү Муктарбек менен түрк жарандарынын ортосунда пикир келишпестик болгон эмес. Муктарбекке бычак сайылган эмес. Мен ушуну баса белгилеп айтам. Муктарбек окуя болгон күнү эртең менен жумушка баруу үчүн үйүнөн чыгып аялдамада турган экен. Ошол убакта ары жактагы кафе-бардан 4 түрк жараны мас абалда чыгып, мушташа кетишкен. Биринин колунда бычак, бирөөндө тапанча болгон. Алар өз ара мушташып жатып, арасынан бирөө ок чыгарганда биздин балабызга келип тийген. Атылган ок Муктарбектин ичине кирип, моюнунан чыгып кетиптир. Бизге келген видеодо ал ок тиер замат моюнун колу менен баскан боюнча ары-бери чуркап, анан жыгылганын көрдүк. Анан ары жактан адамдар келип ага жардам көрсөтүшкөн. Негизгиси андан кан көп кетип калган экен.

Муктарбек 7 ай мурун үйлөнүп, Түркияга жубайы менен кеткенине 1 жарым ай болгон. Экөө эки башка мейманканада иштешчү. Жубайынын айтымында, Муктарбек жумушка жеткенде дайыма ага кабар берип турчу. Кырсык болгон күнү жубайына билдирүү келген эмес. Жубайы кабатыр болуп телефон чалганда, Муктарбек алган эмес. Арадан көп өтпөй полициядан чалышып, окуя болгон жерге тез келип калуусун айткан. Ал айтылган жерге барып жолдошунун каза болгонун көргөн.

Азыр жээнимди аткан делинген шектүү кармалды. Ал дагы өз көрсөтмөсүндө биздин баланы тааныбастыгын, атылган ок кокустан ага тийип калганын айтууда. Сиңдимдин 3 уул, 2 кызы бар. Өткөн жылы ушул уулун үйлөнтүп той берген эле.

Муктарбектин сөөгү учурда Аланиядан Стамбулга жиберилди. Анын жанында жубайы жана дагы бир тууганыбыз бар. 13-июлга караган түнү анын сөөгү Бишкекке келет. Андан кийин Ошко алып кетебиз. Ал эми Алайга эртең кечке маал жетип калабыз. Ошондо 14-июль күнү саат 9-10дор чамасында сөөгү жерге берилет", - деди Мархабо Касимова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Dembele84
2019-07-12 18:45:00
Мархабо Касимова ?
-3
zilish_kg
2019-07-12 22:08:14
Dembele84, Аты маанилүү эмес мындай окуяда. Балким коңушу Тажикистандан көчүп чыккан этникалык кыргыз туугандардан чыгаар.
0
Turgunbeav.95
2019-07-12 23:52:50
zilish_kg,жок, Кыргызстанда төрөлгөн. Мен каза болгон жигиттин бөлөсү боломун.
+6
katerina.li
2019-07-13 18:33:41
Dembele84,балким апасы озбектир . Уровень у тебя низкий
0
bond02
2019-07-12 18:55:24
Ичтен кирип моюндан чыгып кеткен дейби, ошондой болушу мумкунбу?
-1
Erma88
2019-07-12 19:28:21
bond02,мээн менен Сенин ок деген кандай кирсе ошондой чыга берет да ХХХХХ кирсе оозундан чыгып кетиши мункун!!!
-12
nurbek56
2019-07-12 19:29:23
bond02,оа болушу мумкун ок кирген жеринен туз чыкпайт башка жагынан чыгат
+3
mateus
2019-07-13 10:26:01
bond02,адам сулп эле эттен турбайт, сооко тийип ок бурулуп кетсе керек
+2
Agayu
2019-07-12 19:34:03
Жаткан жэрин жайлуу болсун!!
+2
Taalaibek.
2019-07-12 19:59:59
Он гулунун бир гулу ачыла электе оо сапарга аттанган экен байкуш Муктарбек. Жаткан жерин жайлуу, топурагы торко болсун,Аллахым жаннаттан жай бере корсо экен оооммииннн!
+23
zinagull1996
2019-07-12 20:18:50
Жаткан жери жайлуу болсун. Жаш экен эле аттин
+8
kyrgyzstan00
2019-07-12 23:02:10
Иий каап...Бейиши болсун!Аттин дуйно ай....Ата энесине сабыр!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан