Чүй облусундагы Петровка айылында 322 гектардан ашуун эгин талаасы күйүп кетти. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"8-июлда 14:00 чамасында Москва райондук бөлүмүнө ачык аянтта арпа күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 14 кызматкер, 4 трактор тартылган. Өрттөн 322 гектар 10 сотых жер күйүп кеткен. Анын ичинен 152 гектар 71 сотых чабылган арпа болсо, 169 гектар 39 сотых чабыла элек арпа болгон. Өрт толугу менен саат 17:30 чамасында өчүрүлгөн", - деди маалымат кызматынан.
Алдын ала маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 20дай жергиликтүү ишкер жабыркаган. Алар өрт болордун алдында ошол аймактан жүргүнчү ташыган поезд өткөнүн айтышкан.