Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тоноого шектелген эки жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июль күнү Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну кайрылган. Анда жабырлануучуну саат 15:00 чамасында Манас-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жарандар бычак менен коркутуп, Редми А-6 телефонун жана 20 миң сом акчасын тоноп, белгисиз тарапка из жашырып качып кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене "каракчылык" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 19 жаштагы Д.А. жана 17 жаштагы Т.А. шектүү катары кармалган. Учурда шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталганы жазылат маалыматта.