Дүйнө чемпиону Антуан Гризманн "Атлетико" Мадридден "Барселонага" өттү. Бул тууралуу каталондук клубдун расмий сайты кабарлады.
Франциялык чабуулчу үчүн "Барселона" 120 миллион евро төлөдү. Гризманн Испаниянын чемпиону менен беш жылдык келишим түзүп, жалпы 105 миллион евро табат.
Антуан Гризманн "Атлетикодо" 2014-жылдан 2019-жыл аралыгында ойноп, 257 оюнда 133 гол киргизген.