Чүй облусунда абакка баңги затын алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Чүй облусундагы түзөтүү колонияларынын бирине баңги затын алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-июлга караган түнү саат 01:25 чамасында Москва районундагы Петровка айылында жазаларды аткаруу кызматынын мекемесинин короосунда 25 жаштагы жаран кармалган. Аны текшерүү учурунда скотчтолгон баштыктарда салмагы 3 килограмм 395 грамм болгон баңги заты табылган.

Факты "баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сактоо" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Кармалган жаран тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан