Бишкек-Балыкчы каттамынын жүргүнчүсү поезддеги абал боюнча нааразычылыгын билдирди

Бишкек-Балыкчы каттамынын жүргүнчүсү поезддеги абал боюнча нааразычылыгын айтты. Интернеттеги социалдык тармактардын бирине жарыяланган билдирүүдө поездге жүргүнчүлөр чыгып жатканда коштоп баруучу кызматкерлер жок болгонун белгилеген.

"12-июлда Бишкек-Балыкчы каттамы боюнча поездге отурганбыз. Күн ысык, отурганга мүмкүн эмес, көпчүлүгү кош бойлуулар, кичинекей балдары менен бара жаткандар бар. Поезд коштоочулар жүргүнчүлөр отуруп жаткан убакта жок болуп, поезд жыла баштаганда пайда болушту.

Билет алууга кезекке тургусу келбей дароо орундуктарга отуруп алгандарга билет сатып башташты. Жүргүнчүлөр нааразычылыгын айтып киришкенде калган жүргүнчүлөрдү текшербей коюшту. Ар бир станцияда көрүнүш улам начарлап кетти. Жүргүнчүлөрдүн арасында чет өлкөлүктөр да бар эле", - деген жаран өкмөткө нааразычылыгын билдирген.

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман жүргүнчүлөргө кассирлер билет жок экенин эскерткенине карабай айрымдары поездге чыгып кетишкенин билдирди.

"Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы боюнча 12-июлда балдарыбызды лагерге жиберүү үчүн барганбыз. Вагондор алдын ала төлөнүп, лагерге барчу балдарга бөлүп беришкен. "Калган вагондорго билет сатылып бүттү, орун жок" деп кассадан кайра-кайра эскертип жатышты. Бирок ага карабай эле жүргүнчүлөр кыргызчылык кылып билетсиз чыгып алышты. Ырас, өздөрү билетсиз чыгып алгандан кийин кайра жаманатты кылбаса. 70 сом төлөп коюп, ыңгайлуу шартты талап кылышат. 70 сомго литр суу гана келет", - деп билдирди окурман.

Бишкек-Балыкчы каттамындагы поезддин абалына жүргүнчүлөр нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Chungyz
2019-07-13 13:51:31
Не проблема ошондо
+3
Aza17
2019-07-14 00:56:00
Маселе 70сом 700сомдо эмес маселе шарттын жоктугунда.
Колдун сезонунда 20 вагон сууйроп локомативди кобойткуло. Кондицонер коюп жакшына шарт тузгуло.
Индейист ташып бараткансып! 4 вогонго билетин барын деле жогун деле чыгарып сол чонтоко акча чогултасынар.
Жугунчулорго кенен шарты тузуп, билеттерди мыйзам чегинде саткыла эчкандай ызычуу болбойт.
+4
barakcha
2019-07-14 20:07:06
Aza17,700сом толо да.кондиционер талап кылсан!Ха-хасын го?))
0
karona12
2019-07-13 13:57:54
70сом толоп комфорт требует
+12
bond02
2019-07-13 14:56:36
Шарты жок за то бекер экен го.
+7
JENTLEMAN
2019-07-13 19:12:21
Жакшы эки өлкөнүн ортосундагы поезд эмес)).
+3
Arman7
2019-07-13 20:49:02
Бергенин арзыбаган тыйын 700сом же 7000сом толоп жаткансыйтго тим эле
+1
Kuba-savai87
2019-07-15 01:33:11
Arman7,700 эмес 70 сом
0
Kyrgyz-jigit.com
2019-07-13 21:57:34
Порталга байланышкан окурман поездин ичиндеги кызматкер экен а))
+1
momun74
2019-07-14 10:25:37
70сом арзан эмне болсо болсун деп койбостон шарттыда карап койсо ашыкчалык болбосго
0
sabirdinovich
2019-07-14 14:27:04
Шартты жакшыртып, билет баасын 300 сом кылгыла. Бекерлерди албагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан