Ош шаарында 36 жаштагы жаран таякесин өлтүрүп, Орусияга качып кеткен деп шектелип жатат. Азыркы тапта аны кармоо боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-мартта Ош шаарынын 60 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Ал 55 жаштагы иниси 10-марттан бери дайынсыз экенин айткан.
"Тергөө иштеринин алкагында 9-июлда 30 жаштагы А.Ж. күбө катары суракка чакырылып, көрсөтмөсүндө 36 жаштагы жаран таякеси менен уруша кетип, аны бычактап салганын айткан. Андан соң таякесинин денесин Кара-Суу районундагы дарыянын жээгине көмүп койгонун билдирген. Күбө өзү денесин көмүүгө жардам бергени белгилүү болгон. Ал айткан жерден маркумдун денеси табылган. Маркумдун туугандары кийимдер дайынсыз болуп жаткан жаранга таандык экенин ырасташкан. Факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, А.Ж. эки айга камалды. Тергөөнүн жүрүшүндө таякесин өлтүргөнгө шектелген адам Ош шаарындагы апасына таандык болгон үйдү сатып, Орусияга кетип калганы белгилүү болду. Азыркы күндө шектүүнү кармап, алып келүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат", - деп билдирет Ош ШИИБи.