
Ошто күзөт кызматкерин сабап салган деген шек менен мурун оор кылмыштар боюнча соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу 13-июлда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, кармалган А.Д. аттуу жаран 1995-жылы туулган. Ал шериги менен 11-июлга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарындагы ири соода борборунда иштеп жаткан күзөт кызматкеринин кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү айтып, сабап салышкан. Андан сырткары күзөт агенттигине таандык 10 миӊ сомдук байланыш каражаттарын талкалап салган.
"Шектүү А.Д. аттуу жаран буга чейин оор кылмыш менен соттолуп чыккандыгы жана жанында ок атуучу куралы болушу мүмкүн экени тууралуу маалыматтар алынган. Аны кармоо учурунда каршылык көрсөтүшү мүмкүндүгүн эске алып, милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын даярдыктагы отряддын кызматкерлери тартылды. Учурда шектүү катарында кармалган жарандын үстүнөн сотко чейинки тергөө иштери башталды. Анын шеригин кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.