Түштүк кореялык белгилүү актёр жана модель И Кваң Су 34 жашка толду. Ал 1985-жылы 14-июлда Кёңгидо аймагында туулган. Медиа жана искусство институтунда билим алган.
2007-жылы модель, бир жылдан кийин актёр катары дебют жасаган. Тартылган биринчи сериалы "Токтоткус сокку" ага дароо эле атактуулукту алып келген. Ал боюнун узундугу жана келбетинин бөтөнчөлүгү менен айырмалана алып, оозго алынат.
2010-жылы "Чуркаган адам" аттуу теле-шоуго катышып баштагандан кийин популярдуулукка жеткен. Дал ошол берүүдө сөзгө чечен, куу, амалкөй экенин көрсөткөндүктөн катышуучулар аны "№1 чыккынчы" деп атап алышкан. Боюнун узундугу 1 метр 90 сантиметр болгондуктан ага "жираф" деген каймана ат коюлган.
2011-жылы "Шаардык аңчы", "Баары жубайым жөнүндө" өңдүү сериалдар, "Кереметтүү радио" аттуу тасмага тартылган. Маектеринин биринде ал терс каармандын ролун аткаргысы келгенин айткандан кийин ага 2013-жылы "От кудайы" сериалында хандын бир тууганынын ролун аткарууну сунушташкан.
2014-жылы актёр биринчи жолу "Таануу" сериалында башкы ролду жараткан. 2015-жылы фантастикалык "Биргеликте ойлоп тапкан нерсе" сериалына тартылган. Муну менен ал Торонтодо өткөн кинофестивалга катышкан. Андан кийин "Күндүн мураскерлери", "Хваран", "Антураж" сериалдарында эпизоддук роль жараткан.
"Күндүн мураскерлери" сериалына жакын досу, аталган сериалда башкы ролду аткарган Соң Жуң Кинин сунушу менен тартылганы айтылып жүрөт. Соң Жуң Ки экөө 2010-жылы "Чуркаган адам" берүүсүндө таанышкан. Ал учурда экөө эң жаш катышуучулардын бири эле. Соң Жуң Ки 2011-жылы берүүгө тартылбай калганы менен экөө жакын достордон болуп калышкан. Бул тууралуу ал "мен аскерге кеткенде агам үйлөндү. Кваң Су менин үйүмө барып үйдөгү кенже уулдун бардык милдеттерин өзү аткарды. Ал миңден ашык адамдар менен сүрөткө түштү. Аскерде 100 күн кызмат өтөгөндөн кийин үйгө барып, тойдогу видеону көрүп ыйладым", - деген. Актёрлор үй-бүлөлүк катышта экени белгилүү. Жогорудагы сериалдын тапкыч күйөрмандары Соң Жуң Ки менен И Кваң Сунун сүрөттөрүнөн күлкүлүү мем жасаганы көпчүлүктүн эсинде болсо керек.
Жеке жашоосу:
И Кваң Су актриса И Сон Бин менен сүйүү мамилесинде экени 2018-жылдын декабрь айында белгилүү болгон. Маалымат коомчулукка тарагандан кийин актёрдун агенттиги алар 5 айдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жатканын ырастаган.
Актриса И Сон Бин 1994-жылы туулган. Алар 2016-жылы "Чуркаган адам" берүүсүнө чогуу тартылышкан. Анда актриса И Кваң Су тууралуу "анын айтышуудагы манерасын көрүп, экөөбүз бири-бирибизге төп келишерибизди ойлонуп жатам" деген. Буга актёр "мен И Сон Бин менен сүйүү мамилесин курууну чечтим. Үйлөнөрүбүз тууралуу кийинки аптада жарыялайбыз" деп тамаша иретинде жооп берген. Эки жылдан кийин экөө чындыгында эле кыз-жигит болушканы ачыкталган.
14-июлдун жылнаамасы.