Нарын облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-июлда саат 08:36да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кочкор районунун Эпкин, Туз, Ак-Чий, Чолпон айылдарында - 3 балл, Кум-Дөбө, Комсомол, Көк-Жар айылдарында - 2,5 балл жана Кочкор айылында - 2 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жок.