SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүн "Агентурист" тасмасы толуктады. Режиссёру - Нарбото Анарбаев.
Драма, экшн, боевик жанрында тартылган тасмада крим-чөйрөдөгү кылмыштуулуктун бетин ачуудагы таштай, тоодой эмгек чагылдырылган. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүнүн кандай ыкмалары натыйжалуу экенин көрүүгө болот.
Анда орган кызматкери мыйзамсыз курал-жарак сатып, көралбастыктын айынан жанындагы шеригинен арылып, кытмыр ишин улантат. Мамлекеттик кызматкердин мыйзамсыз иш-аракети эл ишенген чоң мекеменин аброюна шек келтиргени тасмада көрсөтүлөт.
Тасма Ош шаарында 1 ай аралыгында тартылып, анда белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев, Тимур Маматкулов, Бектур Абыл, Мурат Сатаров, Диана Алмазбекова, Эдил Бакаев, Омор Акматалиев жана башкалар роль жараткан.
Тасманы көрүү үчүн шилтеме.