Бишкектин туристтик милициясы Ысык-Көлдө иш алып барууда

Бишкектин туристтик милициясы Ысык-Көлдө иш алып барууда. Алардын жардамы менен бүгүн, 13-июлда Чолпон-Ата шаарында жоголуп кеткен 4 жашар бала табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 11:30 чамасында эс алууга барган жарандар 2015-жылы туулган К.А. аттуу бала дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылышкан. Көрүлгөн чаралардын негизинде бир сааттын аралыгында жоголгон бала табылып, ата-энесине кайтарылып берилди.

"Азыркы тапта борбордогу туристтик милициянын кызматкерлери туристтердин коопсуздугун сактоо максатында Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгы туристтик зоналарда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elb_2121
2019-07-15 00:41:36
Алкыш кобураак иштегиле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан