2019-жылдын 6 ай ичинде республика боюнча 1346 өрт кырсыгы катталды. Өткөн жылы көрсөткүч 1709 болгон. Өрт кырсыгынан 26 адам каза болуп, 31 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өрттөн 46 адамдын өмүрү жана 4 жарым миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу 28,5 пайыз, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан 43,3 пайыз, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда 9,8 пайыз, балдардын от менен ойноосунан 6 пайыз болду. Өрттүн 60,5 пайызы турак жай секторунда болгон.
Аймактар боюнча Чүй облусунда 322, Бишкекте 317, Жалал-Абадда 197, Ошто 154, Ысык-Көлдө 2 өрт кырсыгы болгон.