ЭЛДИК ВИДЕО: Жергиликтүү базарларда "резина" помидорлор сатылып жатат деген видео тарады

Социалдык тармактарга "резина" помидорлор сатылып жатат деген видео тарады. Анда керектөөчү помидорду жергиликтүү базарлардын биринен алганын, анын ичи резинага окшош экенин айткан.

"Новопокровканын базарынан помидор алып келгенбиз. Помидорду кескенде ичи жашыл болуп чыкты. Алгач помидор быша элек деп ойлодук. Бирок помидордун ичи резина экен. Кытайлар бизге ушундай жасалма азыктарды жиберет окшойт. Помидорду абайлап алгыла", - деген керектөөчү.

Видео интернетте кызуу талкууга алынууда. Колдонуучулар "Быша элек помидор турбайбы. Тонналап селитра берип салса ушундай болот да", "Бул химикат менен бышыргандын кесепети", "Бизде деле көк боюнча терип, кытай дарысын берип коёт. Анан сырты кызарып, ичи көк бойдон калат экен", "Мамлекеттик көзөмөл кайда? Бажы кызматы, санэпидемстанция эмнени карап жатат?!" деген билдирүүлөрүн калтырган.

Буга чейин социалдык тармактарда "Ошто жасалма жумурткалар сатылып жатат" деген видео тараган. Анда керектөөчү тамактанар алдында сууга бышырылган жумурткалар деп аны аарчып, ичи чыныгы жумуртка эмес экенин айткан.

19-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат таратып, Ош шаарынан бир да жасалма жумуртка табылбаганын билдирген.

Базарларда сырты кызыл, ичи жашыл помидорлор сатылып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars88
2019-07-15 11:01:46
Быша элеги да.Кытайдан жасалма алып келгенде деле помидор 20 сом болуп атат
0
Rakyl12
2019-07-15 14:15:11
Bars88,Биз да базардан алсак так ушундай резинага окшош катмар чыкты, бул быша элек эмес химикат кошулмалардын таасириго не болсо да абайлагыла!
0
tular
2019-07-15 14:28:50
Кытай бизди кырып бутурмой болдуг...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан