Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мал уурулукка шектелип Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Өзбек Республикасынын Наманган облусунун 23 жаштагы М.Б аттуу тургуну мал уурулукка шектүү катары кармалган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү шериктери менен бирге бир топ кылмыштарды жасагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, Аксы районунун аймагындагы 16 мал уурулук фактысынын бети ачылган. Жалпы 44 уй жана 16 баш жылкы уурдашкан. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында 4 уй жана 4 баш жылкы өз ээлерине кайтарылды", - деп билдирет басма сөз кызматы.
2019-жылдын 6 айында Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 118 мал уурулук фактысы катталып, анын ичинен 103 кылмыштын бети ачылган.