Ысык-Көлгө эс алууга барган Казак жараны изделүүдө. Ал ижарага скутер алып кеткен бойдон кайтып келген эмес

Ысык-Көл облусунда Казакстандын жараны изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-июль күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Ысык-Көл РИИБине Алматы шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арыздануучу "Алтын-Көл" пансионатында чогуу эс алып жүргөн 53 жаштагы досу саат 14:15 чамасында дайынсыз жоголгонун билдирген.

"Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, эс алуучулардын Ысык-Көлгө 13-июлда келишкенин аныкташкан. Ал эми 14-июлда изделип жаткан жаран ижарага скутер алып сүзүп кеткен боюнча кайтып келген эмес. Мындан улам анын досу көл жээгиндеги башка скутерлердин ээлери менен өз алдынча издөө иштерин жүргүзгөн. Бирок жыйынтык чыккан эмес. Учурда өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана милиция кызматкерлери издөө иштерин улантууда. Бул факты Ысык-Көл ОИИБинин электрондук журналына катталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Ысык-Көлдө ижарага скутер алып дайынсыз жоголгон Казак жараны изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kroxa
2019-07-15 12:29:17
Аман болсо табылаар...ал эмне кимге сатышты билмек беле казактан келип уурдагыдай балким кырсыктап оодарылып кетти.
+7
tular
2019-07-15 14:16:16
Скутер чокпойт бирок! Жилетке скутердин ключу байланат, адам сууга жыгылган маалда скутерден ключ суурулуп кетет да скутер токтоп калат!
Адам сууга чоксо дагы скутерди толкун жээкке суруп чыгармак.
+1
artur999
2019-07-15 14:50:22
tular, ооба туура скутер чокпойт оодарылып калат. Бирот ошол казак жаранын да Скутерди да таппай жатат. Скутер минген киши сосуз Жилет кийиш керек эле, чокпой турган жилет.
-1
Kroxa
2019-07-16 00:27:58
artur999,чампан чокпосун билем скутердин Ыссык колдун ортосуна барып оодарылсан корот элем кайсы кунуикацсы жактан калкып чыгаарынды..14у кетиптир 1 жумада же Тондон же Балыкчыдан же Караколдон же Маяктан же Жети огуздон чыгат шамал катуу болуп калды толеун урса билбейсин кандай оодарылат..53 жаш ууру кылбайт пайгамбар жаш...
0
asylbekova
2019-07-15 16:00:04
уурдаса уурдап эле кеткен болсун ылайым олбосо эле болду калган нерсе табылат
+11
Avrora2017
2019-07-15 16:51:56
Кыргыздар комуп койгон жок бекен бечараны
+1
Mister-X
2019-07-15 18:20:49
Балким олгондур,балким башка бир пансионатта кыз кучактап жатат.Балким,чын эле кидать этти,балким алысыраак кетип калгандыр.
Бул жерде ашыкча эле козу ачыктык кылып атат окшойбуз.
0
admin_portal
2019-07-16 09:53:24
artur999, далилсиз маалыматтарды жазууга, улут аралык келишпестиктерди жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга, колдонуучулар менен жеке айтышууга тыюу салынган. БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан