Орусияда дарыяны сүзүп өтөм деген Кыргыз жигити каза болду

Орусиянын Красноярск шаарында Кыргыз жигити дарыяны сүзүп өтөм деп каза болду. Мындай маалыматты орус басылмалары "Спасатель" мамлекеттик аймактык мекемесине таянып жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсүнөн барган балдар эс алуу үчүн Красноярсктагы Манск суусуна барышкан. Анда 18 жаштагы жигит суунун аркы бетине сүзүп өтүүгө аракет кылган. Бирок суунун агымы Кыргыз жигитин агызып кеткен. Окуянын күбөлөрү сууга агып кеткен балага жардам берүүгө аракет кылганы менен натыйжа болгон эмес.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, жигиттин жансыз денесин эс алуучу жээктен табышкан.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен жогорудагы маалымат такталып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bekish-
2019-07-15 13:30:54
Эх байкуш... Ажал айттырбай келет да
+3
bond02
2019-07-15 13:46:02
Bekish-,айттырбай келбей эле, озуно озу ажал тилегенби дейм да.
+11
tular
2019-07-15 14:09:12
Биздин элчилик иштейби же иштебейби?! Маалымат тактайын деп кайрылса, кайра кайрылган адамдан маалымат сурагандай сезилет...
+15
Bektur2011
2019-07-15 14:28:58
Кудай сактаса экен жанылык деле окугум келбей калды кундо олум житим кобойуп кетти. Кичине бардык нерсеге жоокерчиликтуу болсок гана
+2
tatynam_88
2019-07-15 16:45:47
Жон журбойбу
+3
minchynar1000
2019-07-15 17:48:43
Быйылкы жыл жалан сууга чоккондор жылы болдуго. кудай сактасын.
+2
katerina.li
2019-07-15 19:06:28
Элчиликтин дайыма кандай кырдаал,жагдай болбосун "такталып атат"дегенден бащка созу жок да ,ээ.
+7
souza.j
2019-07-15 19:44:19
Опкосу жок окшойт
+1
Kanybek121195
2019-07-15 19:59:34
Элчилик алар журналистер чалганда анан ошолордон укса керек жалган эле такталып жатат деп коюшат да
+3
zinagull1996
2019-07-15 20:23:14
Бизде бугун 15июн папан аймагында 1машина ак буура суусуна тушуп кетип 4бир тууган экен. 4оо тен жан берди деп атышат. Бул бир айда 3жолу жол кырсык болуп жатат. Баары мерт кетип атат 1оо гна отконкусундо аман калыптыр. Буга ким жооп берет ким моюнуна алат. Биз болсо ажал экен да деп коюп отурабыз
+1
zinagull1996
2019-07-15 20:24:17
Жаш жигит экен. Аллахым бейишинен орун берсин. Жанылыктарды укканда эле. Туугандар тынчпы деген ой келет экен
+1
Altyn2017
2019-07-15 20:38:30
Ошол Элчиликти жаап эле салышпайбы качан болсо тактап атабыз дешет дагы жакшыы журналисттер кайрылганда аа ошондой болуптурбу силерден угуп атабыз дешпейт дагы.
+4
Kroxa
2019-07-16 00:22:00
Ыссык- колбу деген го...ыйманы саламат болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан