Ала-Арча суусуна түшүп кеткен 25 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 15-июлда саат 11:46да маркумдун жансыз денеси табылды. Издөө иштерине Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу тартылган. Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди деп жазылат маалыматта.
Буга чейин 14-июлда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Ала-Арча суусуна 1994-жылы туулган эркек адамдын сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.