Катар кайрымдуулук уюму Курман айтка карата миң кой сатып алат

Кыргыз өлкөсүндөгү Катар кайрымдуулук фондунун филиалы миң кой сатып алат. Койдун эти Курман айт күнү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жетим балдарга таратылат. Мындай маалыматты аталган уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Катар кайрымдуулук уюмунун филиалы фермерлик чарбаларга тендер жарыялайт. Анда салмагы 20 килограммдан кем эмес 2 жашар койлор керектелери айтылган. Тендерге катышкандар койлорду Бишкек, Каракол, Ош жана Нарынга жеткирип бериши керек.

Мындан тышкары катышуучулардан кол тамга жана мөөр коюлган коммерциялык сунуш, патент, карызы жок экендиги тууралуу маалым кат талап кылынат.

Тендерге катышуу үчүн билдирүүлөр 19-июлга чейин Катар кайрымдуулук уюмунун филиалында кабыл алынат.

Кыргыз өлкөсүндө Курман айт майрамы 10-августта же 11-августта белгиленери болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан