Жайдын аптабынан ар ким ар кандай жол менен коргонууда. Өлкөбүздөгү эң ири каналдардын бири болгон Чоң Чүй каналына түшүү үчүн баргандар да аз эмес. Тыюу салынганына карабай күндүн ысыгынан жашы-карысы дебей каналда сууга түшүү менен алек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, өткөн жылы өлкө боюнча 62 адам ар кандай жагдайда сууга чөгүп каза болгон. 2019-жылдын жарымында эле 73 киши суудан ажал тапты. Алардын жыйырмасы 12 жашка чейинки балдар, он үчү 12 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр. Анын ичинен 46 киши жай мезгилинде каза болгон. 7 облустун ичинен сууга чөгүп каза болгондор Чүй облусунда басымдуулук кылат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Мелисбек Назарбековдун айтымында, жарандарга уруксат берилбеген жерлерде сууга түшпөө керектиги эскертилип келет. “Чөккөн кишини куткаруу учурунда жарандар тоскоолдук жараткан учурлар көп болот” деген Мелисбек мырза куткаруу учурундагы көйгөйлөрдү айтып өттү.
"Бишкек шаары боюнча Чоң Чүй каналынын айланасындагы жашоочуларга үйлөрүнө барып сүйлөшүп, атайын китепчелерди таратып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бирок ошого карабай түшүп жатышат. Чөгүп жаткан адамды куткаруу учурунда жарандарыбыз жардам беребиз деп тоскоолдук жараткан учурлар көп кездешет. Кээ бир көлмөлөрдө суу таза эмес, издөө иштерин жүргүзүүдө сууну өтө кирдетип жиберген учурда эч нерсе көрүнбөй калат", - деди ал.
Куткаруучу Жалил Солпуев сууга чөгүп жаткан кишини кантип алып чыгуу керектигин көрсөтүп берди.
"Чөгүп жаткан адамды алып чыгуу үчүн эч качан көрүнүп алдынан барбаш керек. Артынан келип жакын калганда суу ичи менен келип белинен же чачынан кармап алып чыгуу керек. Куткарып жаткан киши өзүн карматпоосу керек. Болбосо өзү да чөгүп кетиши толук ыктымал", - дейт Солпуев.
Сууга чөккөн кишиге биринчи жардам көрсөтүү азыр мурункуга салыштырмалуу бир канча өзгөргөн. Жаңы ыкмалар тууралуу айткан фельдшер куткаруучу Махабат Назарбекова куткаруу учурунда эмнелерге көңүл буруу керектигине токтолду.
"Сууга чөккөн маалда адам баласынын дем алуу органдарына суу толуп калган учурда жүрөгү токтоп калат. Алгачкы жардам көрсөтүү тууралуу мурун бизге тизеге алып курсагы менен жаткырып, далыга чабыш керек деп окутушкан. Бирок Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасы менен чөккөн кишини ошол эле замат жерге жаткырып, жүрөгүнө массаж жасай баштоо кажет", - деди Назарбекова.
Сөз соңунда сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерине көңүлүңүздөрдү бурабыз: