Ысык-Көлгө ата-энеси менен эс алууга барган 15 жаштагы кыз чөгүп кетти

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы эс алуучу жайлардын биринде 15 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти. Ал ата-энеси менен чогуу эс алууга келген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 12-июлда саат 19:00 чамасында Бостери айылындагы пляждардын биринде болгон.

"Анда чогуу эс алып отурган ата-эне бир нече мүнөттүн ичинде эле кызын таппай калышкан. Издеп баштаганда жээкте чыгып турган кыздын башын көрүшкөн. Ал эми кыз чөккөн жер өтө терең эмес, кыздын белинен келген жер болгон. Аны ошол замат атасы суудан алып чыгып, "Тез жардам" кызматын чакырткан. Бирок кыз дарыгерлер келгенче эле каза болуп калган. Маркумдун ата-энеси экспертизаны күтпөстөн эле Бишкекке алып кетишкен", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umka22
2019-07-15 17:17:20
Жаман иш болуптур жаш кыз экен жаткан жери жайлуу болсун бөдө кырсыктан сактасын Аллах
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан