Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, табигый кырсык бүгүн, 15-июлда саат 14:50дө болуп, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Баткен шаарында 2 жарым балл, Баткен районунун Чарбак, Боз-Адыр айылдарында 2 балл жана Бөжөй айылында 4 баллга чейин сезилген. Кадамжай районунун Өтүкчү айылында 4 балл, Айдаркен шаарында, Кызыл-Коргон, Совет, Кара-Тумшук, Ормош айылдарында 3 жарым баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.