Жалал-Абад облусундагы Cузак районунда 11 жаштагы инисинин өлүмүнө шектелип жаткан 14 жаштагы кызга карата соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, даярдалган экспертизанын жыйынтыгы качан чыгары белгисиз.
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева шектүү кыз чоң атасына убактылуу өткөрүлүп бергенин айтты.
"Азыр кызга карата экспертизалар дайындалып жатат. Биз кыздан чоң атасы менен чогуу жашай турганын айтып сураганыбызда макул болгон. Негизи ал ошол адамга жакын окшойт", - деди ал.
Окуянын чоо-жайы:
Cузак районунун Каңды айылында 8-июлда 11 жашар баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү маалым болгон. Маркумдун денеси өз үйүнүн кире беришинен колу-буту скотч менен байланган абалда табылган. Анын денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган.
Бул факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, тергөө үчүн сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Кийинчерээк баланын өлүмүнө анын бир тууган эжеси шектелип жатканы айтылды.