Ош облусунун Ноокат районунда жеңил унаа сууга түшүп кетип, анын ичинен 73 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда унаада болгондорду издөө иштери уланууда.
14-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымындагы Ак-Буура суусуна ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаада 3 эркек жана бир аял болгон.