30-июлда Чүй облустук сотунда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш иши каралат. Бул тууралуу "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму билдирди.
Маалым болгондой, соттук отурум 16-июлда саат 09:00дө болмок, бирок соттук коллегиянын курамы толук эмес болгонуна байланыштуу 30-июлга жылдырылды.
2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыны тастыктаган. Аталган комитет Кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.
Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган.
68 жаштагы Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында башаламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.