Бишкекте турак жайда газ жарылып, үй ээсин "Тез жардам" алып кетти (фото)

Бишкекте турак жайда газ жарылып, үй ээси жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 16:25 чамасында Юдахин көчөсүндөгү турак жайлардын биринде орун алган. Анда газ жарылып кеткен.

"Жабырлануучу "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилди. Тиешелүү кызматтын кызматкерлери келип газдын чыгышын токтотушкан. Бактыга жараша кырсык болгон учурда турак жайда үй ээсинен башка эч ким болгон эмес", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан