Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Бишкек мэриясына караштуу ишканалардын биринде эмгектенген кызматкерлердин президенттин портрети менен ойногон видеосу пайда болду. Бүгүн, 15-июлда мэрия бул видео боюнча маалымат таратты.
"Кезектеги жыйында биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев вице-мэр Азиз Алымкуловго, мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана “Бишкек унаа токтотуучу жайлары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Жолдошевге тартип бузган кызматкерлерге карата мыйзам чегинде, керек болсо иштен кетирүү боюнча чара көрүү тапшырмасын берди.
Такталгандай, видеодогу жигиттер аталган ишкананын кызматкерлери. Алар коомчулуктан жана президенттен кечирим сурашты", - деп айтылат маалыматта.