“Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун активдүү лидерлеринин бири Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2018-жылдын ноябрь айынан баштап "Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу" беренеси боюнча издөөгө алынган.
Кармоо учурунда М.М. аттуу жаран каршылык көрсөткөн. Шектүүнү текшерүү учурунда “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмга таандык адабияттар менен электрондук материалдар табылган. Алынган адабияттар менен электрондук материалдар далил зат катары тергөө органына өткөрүлүп берилип, тиешелүү соттук-теологиялык экспертизалар дайындалган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Болжолдуу маалымат боюнча, М.М. укук коргоо органдарынан жашырынып алып, Жалал-Абад, Чүй облустары менен Бишкек шаарынын аймагында “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун экстремисттик ишмердүүлүгүн жайылтып келген. Ошондой эле жакыр жашаган жарандарды үгүттөө менен алектенип, андан сырткары республиканын аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу планын ишке ашырууну талкуулашкан экстремисттик көмүскө жайдын башчыларынын чогулуштарына катышып келген.
2019-жылдын 26-июнь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан М.М. аттуу жаранды бир айга тергөө абагына камакка алуу чечими чыкты. Азыркы учурда тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.