15-июлда Бишкек мэриясынын кызматтары жана башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.
Анда жаңы түзүлгөн бөлүмдөрдүн иши, жаңы конуштарда жолдорду оңдоо, тротуар, мектеп жана веложолдорду куруу маселелери каралды. "Бишкекреклама" ишканасынын жетекчиси Эмил Сыдыков тышкы жарнаманын маңызы, орнотуу эрежелери боюнча долбоор иштелип чыкканын айтты.
Велосипед менен жүргөндөр үчүн атайын жолдорду куруу туурасында Бишкек архитектура кызматынын башчысы айтып берди. Ишкана Масалиев-Жукеев-Пудовкин-Жибек Жолу-Жаш Гвардия бульвары көчөлөрүндө веложолдордун курулушун пландап жатканы маалым болду.