Бишкекте жүк ташыган унаанын мас абалдагы айдоочусу 6 жеңил унааны сүзүп качып кетти

Бишкекте жүк ташыган унаанын айдоочусу мас абалда 6 жеңил унааны сүзүп салды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 15-июль күнү саат 22:30 чамасында Курманжан датка көчөсүндө катталган. Айдоочу унаасы менен Эне-Сай жаңы конушунан чыгып, Курманжан датка көчөсүнө жеткенде 6 унааны катары менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

"Айдоочу кызматкерлер тарабынан ГЭС-5 аймагынан кармалды. Ал 43 жаштагы У.Э. аттуу жаран болгон. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Abdizhapar
2019-07-16 11:16:30
Эми экинчи ичпей турган болот да
+1
bond02
2019-07-16 12:00:59
Тандап сузуптур да жиптерди.
+1
Chungyz
2019-07-16 12:22:42
Фураны сат кутуласын озуно дагы ашат
+2
macho90
2019-07-16 13:52:01
Chungyz, бирөөнүн машинасын айдап журсочу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан