Ак-Буура суусуна түшүп кеткен унаада бир туугандар жана эне-бала болгон. Алар ажы тойдон келе жатышкан

Ош облусунун Ноокат районундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымындагы Ак-Буура суусуна түшүп кеткен унаанын ичинде бир туугандар жана эне-бала болгон. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынын кызматкери Жунус Абилов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ошол күнү маркумдар бир тууган инисин ажыга узатуу тоюнан келе жатышкан.

"73 жаштагы карыя, 56 жаштагы эркек киши жана 59 жаштагы аял бир туугандар болушкан. Ал эми учурда изделип жаткан 1985-жылкы жаран жансыз денеси табылган аялдын баласы болгон. Алар Ноокат районунун Кайыңды айылына ажы тойго барышкан. Ал жактагы той берген адам дагы маркумдардын бир тууган иниси болгон. Каза болгон жарандар - Көк-Бел айылынын тургундары. Биринчи күнү табылган жарандын сөөгү жерге берилген. Ал эми кечээ табылган карыя менен аял кишинин сөөгү бүгүн жерге берилет.

Унаа кантип сууга түшүп кеткенин эч ким көргөн эмес. Мындан улам өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү куткаруу жана жарандарды издеп табуу боюнча Папан айылында штаб түздү. Буга Кара-Суу, Ноокат, Араван райондору, акимдер, өзгөчө кырдаалдар өкүлдөрү, айыл өкмөттөр кирген. Аларга жарандарды издеп табуу тапшырмасы берилген", - деди Абилов.

Ошондой эле Абилов учурда айыл тургундары кызматкерлер менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүп жатышканын кошумчалады.

14-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымындагы Ак-Буура суусуна ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаада 3 эркек жана бир аял болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdizhapar
2019-07-16 12:02:57
Ушундай кырсыктардан кудай сактасын. Отуп кеткен жарандарга АЛЛАХ бейиштен орун берсин
+5
temirov76
2019-07-16 12:15:35
Бугунку жанылыктар жалан эле чогуп кетти агып кетти го,тообо келтирели.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан