Ысык-Көлдө скутер айдап дайынсыз жоголгон Казак жаранын 280 адам издеп жатат

Ысык-Көл облусунда Казакстандын жаранын издөөгө жалпы 280 адам тартылды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуя 14-июль күнү Кара-Ой айылынын "Алтын-Көл" эс алуучу жайында болгон. Анда эс алып жүргөн 53 жаштагы М.А. аттуу Казак жараны скутер айдап кетип дайынсыз жоголгон.

"Бүгүн, 16-июлда издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылды. Издөө иштери моторлуу кайык менен жүргүзүлүүдө. Андан сырткары ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшүүдө. Кошумча маалымат берилет", - дейт басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2019-07-16 15:41:34
Озу колдун тегерегине камера орнотуп коюш керек да.
+2
Kuba-savai87
2019-07-16 16:38:56
Аман эле болушсун
+3
Omush94
2019-07-16 17:13:38
Kuba-savai87,сөзүңдө жан бардай
+1
Nevestkaa
2019-07-16 17:26:29
Скутери да жок болуудабы?
+1
Avrora2017
2019-07-16 17:53:04
Соо эмесго бул киши, чогуп кетпеди бекен бечара
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан