Өзгөндө 2 жашар бала бассейнге чөгүп кетти

Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айылындагы эс алуучу жайда 2 жашар бала бассейнге чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 14-июлда болгон.

"Ата-энеси менен эс алууга барган бала бассейнге чөгүп кеткен. Баланын ата-энеси дагы окуя капыстан болгонун айтууда. Аны суудан алып чыгып эле "Тез жардам" кызматын чакыртышкан. Бирок бала дарыгерлер келе электе каза болуп калган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү иштер аткарылууда", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bobby1995
2019-07-17 03:59:23
Тоа эс албай эле жон эле уйдо эле отурса болмок эки жашар кичине го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан